Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кыларын биле албай, эмне экенине түшүнө албай, башы маң болгон абалда калуу. Ушинтип башына нечен суроолор келип, акылы айран болуп түйшөлүп жатып, таңга маал көзү илинди (Саатов). В.: Акылы айран таң болуу. Айтор, көзү көргөн окуяга Сагындын акылы айран таң болду (Осмоналиев). Акылым айран таң болуп, Коңурдун башы маң болуп («Семетей»). Кечиресиз, эмне болуп жатканына акылым айран таң болуп турат (Борбиев). Акылы айран калуу. Ойлонуп отуруп акылың айран калат, айылда чаар киши калбай баратат (Сыдыкбеков). Ушунчалык коромжулукка учуратканына акылың айран калат («Чалкан»).